• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новосибирсктеги жарылуудан Кыргызстандын 3 жараны ар кандай деңгээлде күйүк алган

Кырсык 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-июнунда Новосибирск шаарындагы май куюучу жайдан чыккан өрттөн улам жарылуу болуп, анын кесепетинен 30дан ашуун адам жабыркаган, арасында кыргызстандык 3 жаран бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссесинде жайгашкан май куюучу жайда болгон.

Окуя болгон жерге КР башкы консулдугунун кызматкерлери барып, кырсыктан Кыргызстандын 3 жараны ар кандай деңгээлде күйүк алганы аныкталган.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барып, ооруканага түшкөн 1968-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну У.О. (денесинин 20% га жакыны күйүк алган) менен жолугуп, ал-акыбалынан кабар алышкан.

Дарыгердин билдирүүсүнө ылайык, жаракат алган жаран У.О.нун абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Экинчи жаран, 2001-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну А. уулу Н. жеңил күйүк (5% га жакын) алган жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Жабыркаган үчүнчү КР жараны Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну 1988-жылы туулган А.Б. жеңил күйүк (болжол менен 7%) алып, шок абалда болгондуктан, кырсык болгон жерден кетип калган.

Кийинчерээк Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында, кыргызстандык жаран ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана КР жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды.

Бул жарандар тез арада эвакуацияланганга жетишишкен.

"Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуу өткөрүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иш-аракеттерди көрмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Башкы консулдук РФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Новосибирск облусундагы башкы башкармалыгынын ыкчам штабы, саламаттык сактоо жана полиция органдары кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышып, башка (мүмкүн болгон) жабыркаган КР жарандарын тактоо боюнча иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий