• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо пара катары автоунаа алган чиновник кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси пара катары автоунаа алган. Бул тууралуу КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) билдирди.

Маалыматка ылайык, финполицияга Б.М., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында жер тилкесин каттоо үчүн “ВАЗ” үлгүсүндөгү унааны пара катары алып, жерди каттабай жана унааны да кайтарбай койгон Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчисине карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (пара алуу) катталып, сотко чейинки тергөө башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү атайын тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында пара алгандыгы тастыкталган.

Унаа атайын токтотуучу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий