• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдогу тоо лыжа базасында асма жол артка айланып жаткандагы видео

Аймак 0


Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. "Каракол" тоо лыжа базасында асма жол иштеп чыгып, артка айланып жаткандагы видео интернетке тараган. Жерине Ак-Суу райондук милициясынан ыкчам-тергөө тобу барган.

Ысык-Көл облустук милициясынан агенттикке билдиришкендей, тоо лыжа базасынын айланасын тейлеген Ак-Суу райондук милициясынын участкалык милициясы окуя болгон жерде жүрөт жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо чаралары көрүлүүдө.

Алдын ала маалыматка караганда, трансформатордо кыска туташуу болуп, асма жол артка айлана баштаган. "Каракол" базасынын медициналык пунктуна эч ким кайрылган эмес.

Окуянын чоо-жайын тактоо жана иликтөө үчүн Ак-Суу райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу чыгып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий