• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ИИМ кызматкерлери окуучуларга баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мектеп окуучуларына баңгизаттарды колдонуунун зыяндыгы тууралуу эскертишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-декабрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Чолпон Табалдиева тарабынан Свердлов райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор менен биргеликте №67 жана 5 мектеп, гимназияларынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен биргеликте жогорку класстардын окуучуларына “Баңгизат каражаттарды таркатуу үчүн жоопкерчилик жана алардын организмге тийгизген терс таасирлери” темасында алдын алуу боюнча жолугушуусу өткөрүлдү.

Жогулушуунун башында БМЖКККнын кызматкери катышуучуларга кызматтын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, ал психикалык активдүү заттардын терс медициналык, социалдык, укуктук кесепеттери тууралуу маалымдады.

Баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды колдонууга жол бербөө, көз карандылыктын пайда болуу кооптуулугу жана адамдынпсихикалык жана дене бой абалына баңгизаттардын кыйратуучу таасири жөнүндө темалар козголду.

Ошондой эле кызматкерлер баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн КРнын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда алар келечектеги бүтүрүүчүлөргө алдыга койгон максаттарга ишенип барууну, өзүн кыйратуучу жолго түшпөстөн, деңгээлин жогорулатуунун үстүндө иштөөнү каалашты.

Пикир

Оставить комментарий