• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри 85 жашта

Маданият 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри 85 жашта. Буга карата 28-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында атайын мааракелик концерт өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин мурунку жана учурдагы депутаттары, чыгармачыл интеллигенция, ыр күйөрмандары катышты.

Кечеде оркестр жаңы программадагы концерт тартуулады.

Оркестрдин айрым кызматкерлери министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алышты.

Аталган оркестрди 2005-жылы КР эл артисти Сагынбек Акматалиев жетектеп, 150дөн ашык ыр жана күүлөрдү оркестр үчүн иштеп чыккан.

2022-жылдан тартып азыркы күнгө чейин оркестрди КР эмгек сиңирген артисти Асылбек Насирдинтегин жетектеп, оркестрдин репертуарын кеңейтүү максатында азыркы замандын авторлорунун чыгармаларын оркестрлештирип келүүдө.

Азыркы күндө оркестрдин репертуары кыргыздын элдик музыкасынан тартып, кыргыз композиторлорунун, орус жана дүйнөлүк классиктердин атайын оркестр үчүн жазылган чыгармаларынан турат.

Пикир

Оставить комментарий