• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Карантин мезгилинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары өстү – вице-премьер

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Карантин мезгилинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары өстү, айрыкча аялдар жана балдарга карата. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдады.

Анын айтуусунда, өкмөт тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен иш жүргүзүүдө.

«Кайсыл жерде жана кантип зордук-зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгына толук мониторинг жүргүзүүдөбүз. Күн мурун эле дал ушул маселе боюнча бейөкмөт уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, тактап айтканда, алар балдар менен аялдардын укугун коргоп келишет. Аталган маселе көңүл сыртында калбайт, COVID-19га каршы күрөшүү канчалык маанилүү болсо, бул маселе да ошончолук маанилүү. Зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн баардык аракеттерди көрөбүз», - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий