• 82.83
  • 84.83
  • 1.35

Касым-Жомарт Токаев алгачкы расмий сапарын Россияга жасайт

513 кароо ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. 3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

«Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот», — деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлат деп пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий