• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда паспорту жокторго курулуш материалдарын сатууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Тажикстанда паспорту жок адамдарга курулуш материалдарынын бир канча түрүн сатууга тыюу салынды. Өлкө ИИМи мындай чара террордук чабуулдардын алдын алуу максатында көрүлүп жатканын билдирүүдө.

«Террорчулар жардыруучу заттарды даярдоодо көбүнчө мыктар менен чоң бурамаларды пайдаланышат. Аларды болсо базарлардан сатып алышат», — деп билдирди ИИМ кызматкерлеринин бири. Бирок ал мындай буйрук кайсыл мыйзамдын негизинде чыгарылганын айтып бере алган жок.

Душанбедеги базарлардын биринде көп жылдан бери иштеген соодагер Нарзулло Холиковдун айтымында, алар сатып алуучулардын паспорттогу маалыматтары менен телефон номурларын атайын дептерлерге жазып алууга милдеттүү.

«Эгер кардар мык, темирден жасалган башка буюмдарды же кальций карбидин сатып алгысы келсе, биз алардан паспортторун талап кылабыз. Андан соң андагы бардык материалдарды, телефон номурларын атайын дептерге жазып алып турабыз. Милиция кызматкерлери рейд өткөргөндө сөзсүз ал дептерлерди текшерип турушат», — деди ал.

Холиков милициянын мындай чараларынан улам соодагерлер чыгымга учурап жаткандыгын кошумчалады. Айтымында, базарга паспортун ала келбеген же өзү тууралуу маалыматтарды айтуудан баш тарткан кардарларга аталган товарларды сата албай калышууда.

Тажик ИИМинин маалыматы боюнча өткөн жылы өлкөдө 36 террордук чабуулдун алдын алууга мүмкүн болгон.

Пикир

Оставить комментарий