• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беларусияда окуган түркмөн студенттерине жынсы кийүүгө жана сакал коюуга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Түркмөнстандын Беларустагы элчиси Назаргулы Шагулыев бул өлкөдө окуп жүргөн түркмөн кыздарга жынсы шым жана юбка кийүүгө, балдарга сакал коюуга тыюу салды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Беларуста окуган түркмөн студенттеринин билдиришинче, мындай талаптар элчилик кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу маалында айтылган.

«Элчи биздин түнкү клуб жана ресторандарга азыраак барышыбызды талап кылды. Кыздарга жынсы шым жана юбка кийүүгө тыюу салды. Сакалчан студенттер террорчуларга окшош экенин айтып, сакалчан жүрбөш керектигин эскертти», — деди студенттердин бири.

Азырынча бул боюнча Түркмөнстандын Беларустагы элчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий