• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Касымалиева Социнтерндин башкы катчысы менен парламенттик демократияны өнүктүрүү келечегин талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Жогорку кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айяла менен жолугушуп, парламенттик демократияны өнүктүрүү келечеги жаатында пикир алышты.

Вице-спикер Аида Касымалиева кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү жаатында кеп салып, өзү социалисттик идеологиянын баалуулуктарына ыктаган КСДП саясий партиясынан шайланган депутат экенин, өзү дагы парламенттик демократия багытын колдой турганын белгиледи. Ал Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн кыйла артыкчылыктуу модели болуп саналган Социнтерн аянтчасында тажрыйба алмашуу зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми Социнтерндин башкы катчысы Луис Айяла өзү жетектеген уюмдун чыр-чатактарды жөнгө салуу, демократияны өнүктүрүү, көп багыттуу кызматташтык мамилелерди бекемдөө жаатында жүргүзгөн иштери тууралуу айтып берүү менен бирге, Кыргызстандагы социалисттик кыймылдын өнүгүү деңгээли жогору экенин билдирди.

Андан тышкары, тараптар өз ара кызматташтык мамилелердин келечеги, демократиялык өнүгүү жолунун, анын институттарынын алдында турган кыйынчылыктарды жеңүү маселелерин талкууга алышты.

Белгилей кетсек, Социалисттик интернационал – эл аралык өкмөттүк эмес социалисттик-демократиялык уюм. Анын баш кеңсеси Лондон шаарында (Англия) жайгашкан. Адегенде 1864-жылы түзүлгөн бул уюм (Биринчи интернационал) кайрадан 1951-жылы Европа өлкөлөрүнүн 34 социалисттик жана социал-демократиялык партиясынын Франкфурт-на-Майне шаарында (Германия) өткөн уюштуруу съездинен тарта өз ишин жаңырткан. Ушу тапта 126 өлкөнүн 156 партиясы Социнтерндин мүчөсү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий