• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каттоо кызматы Бирдиктүү жер органын түзүүнү сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы Бирдиктүү жер органын түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени президент Жээнбековго да айткан.

Маселен, Мамбетов Каттоо кызматынын Кадастр системасын, Айыл чарба министрлигинин карамагындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо", ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографияны бириктирүүнү сунуштаган.

"Биз жер боюнча Бирдиктүү орган түзгүбүз келет. Менимче, ал бир гана мамлекеттик органдар үчүн эмес, эл үчүн да ыңгайлуу болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий