• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңешинин катчысы Сулеман Ахмед менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Атап айтканда, билим берүү методикалары жана программалары, ошондой эле студенттик жана академиялык алмашуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстандын билим берүү тармагын жакшыртууга, окутуунун инновациялык ыкмаларын жайылтууга, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну жолго коюуга умтулгандыгын белгиледи. Ал илим жана жогорку билим берүү тармагында пакистандык тарап менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Пакистандын медициналык жана стоматологиялык кеңеши тарабынан Кыргызстандын бир катар медициналык университеттерин таануу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий