• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өттү

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Милициянын кайгуул кызматынын, “БЖАИ” жана «БТБ» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана автобус, троллейбус айдоочулары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Эскерте кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырууда.

Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий