• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайдын Хунань провинциясында нөшөрлөгөн жаан 11 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мурунку ишембиден бери Кытайдын түштүк-чыгышында орун алган Хунань провинциясында нөшөрлөгөн жаан 11 адамдын өмүрүн алды жана 6 адам белгисиз жоголду деп изделүүдө. Бул тууралуу Суу ташкыны жана кургакчылыкка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик штабынан билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Кооптуу аймакта 10 шаар, 76 калк жашоочу аймак жана жалпысынан 2,8 миллион адам орун алган. Келтирилген чыгымдын учурдагы суммасы 5,3 миллиард юанды (дээрлик 781 миллион доллар) түзөт.

Бийлик 257 миң жергиликтүү тургунду кооптуу жерге көчүргөн. Шашылыш жардамга 100 миңден ашык адам муктаж.

Үзгүлтүксүз нөшөрлөгөн жаан айыл чарба тармагына олуттуу зыян алып келген. 187 миңден ашык чарба жерлери жабыр тарткан. Суу дээрлик 2 миң үйдү жана көчөлөрдү каптаган. Ошондой эле, 2208 курулуш катуу жабыркаган жана 8 миң үй чарбалары ар кандай деңгээлде бузулууга учураган.

Пикир

Оставить комментарий