• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Тыныгуу жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн күбө катары ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу сурак берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, ТВЕА менен келишим 2013-жылдын 16-июль күнү бекитилген.

Сурак алуунун жүрүшүндө айыпталуучу Калиев (Улуттук энергетика холдингинин мурунку жетекчиси Айбек Калиев) күбөдөн “Сиздин мага болгон жаман мамилеңиз мен сиздин кызматтан кетиргенден кийин түзүлдүбү?”, - деп сураган. Ага ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу тескерисинче Калиевдин ага мамилеси начар экендигин айткан. Ал билдиргендей, ал арызды Калиевдин атына жана Кыдырбаевдин атына жазган.

“Сиз “Теплые ключи” санаторийин өзүңүзгө алайын дегенде мен каршы чыккам. Аны Атамбаевдин аялынын курбусу алайын деген. Сиздин мамиледен улам мени ЖЭБ боюнча комиссияга да башка жакка да киргизишкен эмес”, - деди күбө.

Учурда соттук отурумда танапис жарыяланган.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий