• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катуу жаандан улам Ноокатта сел жүрдү

Аймак 0


Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда кечээ болжол менен 17:00дө катуу жааган жаандан улам сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Селдин кесепетинен Жаңы-Ноокат, Гулистан, Зулпуев айыл аймагы жана Ноокат шаарында бир катар турак-жайларды суу каптаган.

Гулистан айыл аймагында турак-үйлөрүнүн, "Медагос" медициналык борборунун жертөлөөсүнө суу кирсе, Ак-Чабу айылында дээрлик 500 метр жолду суу каптаган.

Жерине КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгын ыкчам тобу, КР ӨКМнин №71 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Куткаруучулар мотопомпонун жардамы менен жертөлөөлөргө кирген сел сууларын тазалап беришкен. Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий