• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Казакстандын туңгуч президентинин атайын өкүлү Жансеит Туймебаев менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бишкекке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземине катышуу үчүн Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаев менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Туймебаев кыргыз тарапты 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун, ошондой эле бүгүн мамлекет башчысынын инаугурация аземинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министр Руслан Казакбаев алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды даярдоого өзгөчө көңүл бурду.

Кыргыз-казакс маданий-гуманитардык кызматташтыгын жалпысынан жана өзгөчө Кыргызстан элинин ассамблеясы менен Казакстан элинин ассамблеясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн мааниси өзгөчө экендиги белгиленди.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий