• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке Россия Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди

Саясат 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин делегациясын «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий