• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан алты айга кумшекер экспортуна тыюу салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Казакстан 23-майдан тарта жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салат. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев кол койду. Документ 12-майда нормативдик-укуктук актылар сайтына жарыяланды.

Айыл чарба министрлигине белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссияга киргизилген чаралар жөнүндө маалымат берүү тапшырылды. Буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Өткөн аптада Казакстандын алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясы кумшекер жетишсиздигине байланыштуу Соода жана интеграция министрлигине, Айыл чарба министрлигине, "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасына кайрылган.

Казакстанда пайдаланылган кумшекердин 60% четтен келет. 2021-жылы Казакстанга 506,9 млн тонна кумшекер жана чийки зат алынып келинген. Алардын жарымы — 275,8 млн тонна Россиядан ташылган.

Пикир

Оставить комментарий