• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Биздин милдет – экономиканын реалдуу секторунун потенциалын көтөрүүгө жардам берүү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Ошентип Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан «КАС Импульс» заводуна барды. Учурда сырье менен камсыз кылуудагы көйгөйлөрдөн улам ишкана токтоп турат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан убактылуу токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүдө ишкерлерге ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча так тапшырма коюлган.

«Компаниянын потенциалы бар экени көрүнүп турат. Буга байланыштуу биздин милдет – ата мекендик экономиканын реалдуу секторунун потенциалын көтөрүүгө көмөктөшүү”, - деп белгиледи. Бакыт Төрөбаев өнөр жай жана аскердик ишканаларды сырье менен камсыз кылууну жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тез арада керектүү өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш даярдоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий