• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан "Басма сөз эркиндиги индексинде" бир орунга төмөндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюму 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин деңгээлине баа берген иликтөөсүн жарыялады.

“Басма сөз эркиндигинин индексинде” Казакстан 54,41 балл менен былтыркы жылга салыштырмалуу бир позицияга төмөндөп, 158-катардан орун алды.

Иликтөөдө “улут көсөмү” наамын алып, Казакстанды дээрлик отуз жылдан бери башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаедин “паранойясы күчөп” бийликти көзөмөлдөп калуу аракети күндөн күнгө артып баратканы айтылат.

Иликтөөнүн авторлору Казакстандагы негизги оппозициялык гезиттер 2012-жылы жабылып, калгандары ар түрдүү айыппулга жыгылып, ишин токтотууга мажбур болгонун жазышкан. Баяндамада журналисттер тез-тез камакка алынып жатканы, Интернет дыкат көзөмөлдөнөрү белгиленген.

Журналисттер жана укук коргоочулардын пикиринде, 2017-жылы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин кыйла татаалдаштырды.

Документке ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 89-орунду ээледи. Өлкөдө маал-маалы менен сөз эркиндиги бузулуп жатканы, бирок аны коргоо боюнча негизги концепция бар экени айтылат.

Пикир

Оставить комментарий