• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан этно олимпиада өткөрүүгө ЮНЕСКОго арыз жазды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы ЮНЕСКОнун Спорттун салттуу түрлөрү боюнча комитетинин өкүлү Халил Ахмед Хан менен меморандумга кол коюп, анда Казакстанда дүйнөлүк биринчи этноспорт оюндарын өткөрүү тууралуу маселе да камтылды.

Бул тууралуу казак өкмөтүнүн расмий маалымат агенттиги жазып чыкты. Казакстан ЮНЕСКОго расмий арыз менен кайрылганын бул өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги да ырастады.

Эгер ЮНЕСКО бул арызды канааттандырса, 2021-жылы Казакстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата бул өлкөдө улуттук оюндардын дүйнөлүк олимпиадасы өтөт.

Кыргызстан да Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракетинин үстүндө экенин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү катчылыгынын басма сөз өкүлү Айжан Абдесова "Азаттыкка" ырастады. Бирок ал азырынча так жооп келе эле экенин кошумчалады.

Кыргыз коомчулугунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын үчүнчү ирет Кыргызстанда өткөрүү тууралуу ар кыл пикирлер айтылып келет. Жалпысынан улуттук оюндарды өткөрүүгө автордук укукту алууга Кыргызстан менен Казакстандан башка дагы эки мамлекет ЮНЕСКОго кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий