• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан Орусиядагы президенттик шайлоого 170 байкоочу жиберет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Казакстандык 170 байкоочу 18-мартта Орусияда өтө турган президенттик шайлоого көз салуу үчүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жергиликтүү байкоочулар КМШ, ЕККУ, ШКУ миссиясынын алкагында жөнөтүлүүдө.

«Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Казакстан өкүлдөрүнүн тизмесин түздү. Алар Орусиядагы президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоочу катары катышат», – деди БШК өкүлү Зауреш Баймолдина.

Маалыматтарга караганда, КМШ байкоочулар миссиясынын курамында –129, ШКУ линиясында – 3, ЕККУ миссиясынын курамында – 38 казакстандык байкоочу бар. Узак мөөнөттүү бир байкоочу 11-февралдан бери Орусияда.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартта өтөт. Саясий жарышка сегиз киши катышууда, алардын арасында мамлекеттин азыркы башчысы дагы бар.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий