• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда 28-августтан баштап карантин чаралары жумшарат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. 4-сентябрдан баштап Алматыда, 28-августтан баштап Казакстандын башка аймактарында карантин чектөөлөрү азаят. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын тарашына жол бербөө боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынында айтылды.

Комиссиянын чечимине ылайык, 28-августтан баштап Ashyq (казакстандыктарды эпидемиологиялык макамына жараша түскө бөлө турган мобилдик тиркеме) системасы менен иштеген бизнестин бардык субъектилерине дем алыш күндөрү саат 24.00гө чейин, Ashyq системасынын лидерлерине түнкү 2.00гө чейин иштөөгө уруксат берилет. Ошол эле маалда кызматкерлер менен кардарларда системанын "жашыл белгиси" же ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы болушу керек.

30-августтан баштап Ashyq системасын колдонгон бизнес объектилери күн сайын 22.00дөн 24.00гө чейин, тиркеменин лидерлери түнкү саат 2ге чейин иштөөгө уруксат алат.

Алматыда эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен карантин чаралары 4-сентябрдан баштап жумшарат. Соңку аптада калаада күнүнө бир жарым миңдей кишиден вирус аныкталууда.

Казакстанда 5,1 миллион киши вакцинанын эки дозасын тең алды.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 754 миңден ашты. Алардын дээрлик жарымы акыркы 90 күндө аныкталды.

Ушул тапта Казакстандын Түркстан облусунан башка аймактары "кызыл" зонада жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий