• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандагы 4 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Казакстандын Жамбыл облусунда 4 кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын ыкчам штабына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 551ге жетти. Илдетти жуктуруп алган 5 жаран каза болду.

"Чек арадагы өткөрмө-көзөмөл бекеттериндеги күчөтүлгөн режимге байланыштуу Казакстанга кирип жаткан бардык жарандар, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочулары карантинге алынат. Карантинге алынган жарандардын ичинен 10 адамда коронавирус аныкталган. Алардын төртөө кыргыз жараны", - деп айтылат штабдын маалыматында.

Илдетти жуктуруп алган бейтаптардын баары жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Учурда вирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо жана жашаган жерлерин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий