• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 2 миң 177 адам жакын байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 8 миң 842 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

"COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта 8 миң 842 жаран болгон. Алардын ичинен жакын (I категория) байланышта 2 миң 177, башка байланышта (II категория) 6 миң 665 адам болгон", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 914 адам жатат.

"Изилдөөгө жалпы 40 миң 513 анализ келсе, 39 миң 615 изилдөө жүргүзүлгөн. Сутка ичинде 2 миң 125 изилдөө алынган", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетти. Алардын ичинен 162си медицина кызматкери. Илдеттен 302 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий