• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 23-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 19 учур катталып, анын ичинен бешөө медицина кызматкери болушат.

"Беш медицина кызматкеринин ичинен үчөө дарыгер. Ош облусунда – 1, Ош шарында – 1 жана Бишкек шаарында 3 медицина кызматкери коронавирус жуктурган" - деди ал.

Учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 162ге жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетет. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий