• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы сутка ичинде 6 миң 925 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 6 миң 925 кишиден аныкталды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1531, Алматы шаарында – 1250, Шымкент шаарында – 421, Акмоло облусунда – 210, Актөбе облусунда - 191, Алматы облусунда - 220, Атырау облусунда - 430, Чыгыш-Казакстан облусунда – 312, Жамбыл облусунда – 137, Батыш-Казакстан облусунда - 197, Караганда облусунда – 920, Костанай облусунда - 213, Кызылорда облусунда - 150, Мангистау облусунда - 267, Павлодар облусунда - 225, Түндүк-Казакстан облусунда - 134, Түркестан облусунда – 117 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 549 миң 628 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий