• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 5 миң 314 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 5 миң 314 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1576, Алматы шаарында - 850, Шымкент шаарында – 416, Акмоло облусунда – 160, Актөбе облусунда - 204, Алматы облусунда - 144, Атырау облусунда - 299, Чыгыш-Казакстан облусунда – 79, Жамбыл облусунда – 71, Батыш-Казакстан облусунда - 234, Караганда облусунда - 603, Костанай облусунда - 103, Кызылорда облусунда - 84 Мангистау облусунда - 189, Павлодар облусунда - 156, Түндүк-Казакстан облусунда - 86, Түркестан облусунда – 59 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 472 миң 106 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий