• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда аткаминерлерге чет өлкөдө банк эсептерин ачууга тыюу салуу сунушталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Казакстандын Каржы министрлиги мамлекеттик жогорку кызматта иштеген аткаминерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөдө банк эсептерин ачууга тыюу салынарын билдирди.

Каржы миинстри Ерулан Жамаубаев 2-сентябрда бул план — министрликтин көмүскө экономика менен күрөшүү жана каржы көзөмөлүн күчөтүү программасынын бир бөлүгү экенин айтты.

Анын билдиришинче, 2021-жылдан тартып коррупциянын алдын алуу үчүн өкмөттө иштеген аткаминерлерге, депутаттарга жана судьяларга чет өлкөлөрдө банк эсебин ачууга тыюу салынат.

Жамаубаев бардык банк эсептери Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) мүчөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу программасынын алкагында текшерилерин кошумчалады.

ОЭСР — бул базар экономикасын жактаган 37 өлкөдөн турган эл аралык топ. Ал экономикалык өсүү жана туруктуу өнүгүүгө салым кошуу максатында өз курамына кирбеген 70 өлкө менен кызматташат.

Жамаубаев эгер аткаминерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөдө банк эсептери ачыкка чыкса кандай чара көрүлөрүн айткан жок.

Пикир

Оставить комментарий