• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси белгиленди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 13.12.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Ташкент шаарындагы “Таланттуу жаштарды колдоп-кубаттоо “Улукбек” фондунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев катышып, бул жерде улуу устаттын адабий мурасын гана эмес, анын заманабызга тийгизген таасирин да эскерүү үчүн чогулган өзгөчө учур экенине токтолду.

“Чыңгыз Айтматов жөн гана жазуучу эмес, кыргыз элинин улуттук байлыгы, жалпынын сыймыгы. Ал адамдарды ойлондурган, шыктандырган жана жүрөгүбүздө өчпөс из калтырган көптөгөн чыгармаларды жараткан адабият дүйнөсүндөгү жөн эле ысым эмес, эки элди, эки маданиятты, эки доорду бириктирген инсан”, - деп баса белгиледи.

Сөзгө чыккандар Айтматовдун чыгармаларында адабий чеберчилик гана эмес, адамдын жан дүйнөсүнүн түбүнө кирген терең маани жатканын, ал түбөлүк инсаний баалуулуктар – сүйүү, жакшылык, акылмандык жөнүндө сөз айтып, чыгармаларын философиялык чындыктардын туу чокусуна көтөргөнү тууралуу кеп кылышты.

Иш-чаранын алкагында улуу жазуучунун 95 жылдыгына арналган “Эки элдин азиз перзенти” аттуу китептин бет ачары да болду. Жыйнакка Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, кыргыз жана өзбек элдеринин достугу, адабий-маданий кызматташтыгы тууралуу илимий макалалар, эскерүүлөр жана эсселер киргизилген.

Атактуу кыргыз жазуучусу, драматург Султан Раевдин 2004 жылы Ч. Айтматовдон алган “Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк…” аттуу маеги да алгачкы жолу өзбек тилинде “Олам асли мухаббатдан яралган” наамы менен ушул китептен орун алды.

Жарыш сөзгө чыккандар, бул китептин “Эки элдин азиз перзенти” деп аталышы да кыргыз-өзбек ынтымагынын жана биримдигинин символу деп баалашты.

Долбоордун автору жана демөөрчүсү “Таланттуу жаштарды колдоп-кубаттоо “Улукбек” фондунун төрагасы, Чынгыз Айтматовдун досу жана кадырманы, жакында 95 жылдык юбилейин белгилген легендардуу академик Окил Умурзаков болду.

Белгилүү “Айтматов таануучу”, “Жахон адабиёти” журналынын башкы редактору, публицист, жазуучу, журналист Ахмаджон Мелибоев баш болгон чыгармачыл топ тарабынан даярдалган 500 барактан көп жыйнак “Маънавият” басма үйүндө жарыкка чыкты.

Пикир

Оставить комментарий