• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы боюнча кайрылгандардын 92% аялдар — статистикалык маалыматтар

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. 2022-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 10 миңге жакын адам кайрылган, алардын көпчүлүгү, тактап айтанда, 92%ын аялдар түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирет.

2022-жылы социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын саны

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жана кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын көпчүлүгү (39 пайызы) 18–34 жаштагы кыз-келиндер, ал эми улгайган курактагы аялдар аз кайрылышат. Аялдардан айырмаланып, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жана жардам сурап кайрылган эркектердин жаш курагы курактык топтор боюнча бирдей бөлүштүрүлгөн.

Калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөткөн мекемелерге жана кризистик борборлорго кайрылгандардын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны

Пикир

Оставить комментарий