• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик ипотека: Беш миң адам үйлүү болот

Коом 0


Өлкө аймагында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында мамлекет башчынын демилгеси менен ипотекалык үйлөр курулуп жатат.

Мындай ипотекалык батирлердин бири Бишкектеги №47 абактын ордуна салынууда.

Долбоор боюнча бул жерге 18, 24 жана 28 кабаттуу батирлер түшөт. Курулуш иши толугу менен аяктаса, ипотекага үй алуу үчүн кезекте турган беш миңден ашуун жаран турак жай менен камсыз болот. Бул ипотекалык шартта курулуп жаткан жалгыз турак жай эмес. Мындай көп кабаттуу үйлөр республиканын башка дагы аймактарына курулат.

Мамлекет куруп аткан ипотекалык үйдүн курулушу менен “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинова таанышып кайтты.

Пикир

Оставить комментарий