• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кеминде сууга чөгүп кеткен эки адамдын биринин сөөгү табылып, экинчиси изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.23./Кабар/. Кемин районунун Орловка шаарындагы көлмөгө чөгүп кеткен экин жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда кечке жуук эс алууга барып, көлмөгө 1991-жылы туулган 2 жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.Эскерте кетсек,

"10-июнда саат 10:50дө ӨКМ суучул-куткаруучулары Ж. уулу А. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн сууга чөккөн экинчи К.А. аттуу жаранды издөө иштери жүрүүдө. Ага №5 ӨКБдан 3 суучул, 2 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана чөккөн жарандын туугандары тартылды.

Пикир

Оставить комментарий