• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстан туристтерди тартуу максатында курорт жана санаторийлердин 65% оңдоду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 05.03.19 /Кабар/. Тажикстандын бийлиги туристтерди тартуу максатында республикадагы курорт жана санаторийлердин 65% оңдоп чыгып, андан тышкары 300 жеке туристтик эс алуучу аймактарды курду, - деп кабарлады avesta.tj агенттиги.

Бул аракет чет өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзгөнгө жакшы өбөлгө болот.

Тажик өкмөтү акыркы мезгилде чет өлкөлүк туристтерге виза алуу процедурасын жеңилдетүү боюнча иш алып барууда.

Тажикстандын туризм комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы өлкөгө 431 миң турист келсе, 2018-жылы – 1 млн. 150 миң адам келген.

Пикир

Оставить комментарий