• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда автобус өрттөнүп, 52 жүргүнчү каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Казакстанда Самара — Шымкент авто жолунун Актөбө облусундагы бөлүгүндө жүргүнчү автобус өрттөнүп, кеминде 52 киши мерт болуп, бир канчасы жаракат алышты. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментинин Актөбө облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык маалында автобустун ичинде 57 киши болгон. Болжолдуу версия боюнча каза болгондор Өзбекстандын жарандары.

Окуя бүгүн Астана убактысы боюнча 10:30да Самара — Шымкент жолунуну Иргиз районундагы бөлүгүндө болгон. Жергиликтүү агенттиктер ичинде Өзбекстандын жарандарынан турган 57 жүргүнчүсү бар «Икарус» автобусу өрттөнгөнүн кабарлашууда.

Департаменттин маалыматы боюнча күйүп жаткан автобустан беш гана киши сыртка чыгууга үлгүргөн. Учурда алар райондук оорукана жеткирилишти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий