• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда бир суткада 2089 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 89 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 549, Алматы шаарында - 284, Шымкент шаарында - 86 Акмоло облусунда - 153, Актөбе облусунда - 50, Алматы облусунда - 125, Атырау облусунда - 77, Чыгыш-Казакстан облусунда - 74, Жамбыл облусунда - 32, Батыш-Казакстан облусунда - 97, Караганда облусунда - 346, Костанай облусунда - 32, Кызылорда облусунда - 16, Мангистау облусунда - 39, Павлодар облусунда - 87, Түндүк-Казакстан облусунда - 12, Түркестан облусунда – 30 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 360 миң 193 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий