• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда COVID-19ду жуктуруу учурларынын саны өсүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө, - деп жазат centralasia.media.

Маалыматка ылайык, 29-июнда эле Казакстанда коронавирус жуккан 137 жаңы учур катталган.

"Бир күн мурда илдетти жуктургандардын 110 учуру аныкталган. Жалпысынан бүгүнкү күнү өлкөдө 1 306 608 учур катталган", - деп айтылат маалыматта.

29-июнда бир сутка ичинде ооруга кабылгандардын эң көп учуру Алматыда - 77 адам жана Нур-Султанда - 26 адам катталган.

Пикир

Оставить комментарий