• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 545 орундуу 4 стационар иштеп жатат – мэрия

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Азыркы учурда Бишкек шаарында COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды дарылоо үчүн 545 орундуу 4 стационар иштеп жатат. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова Бишкекте өткөн брифингде билдиргендей, 8-апрелге карата стационарларда 386 бейтап дарыланып жатат, 159 орундук бош.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктери үй карантинине алынгандардын саламаттыгына байкоо жүргүзүшөт.

“2021-жылдын 8-январынан тартып жалпысынан 4 миң 75 адам үй карантинине алынган. Анын ичинен карантиндин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 3 миң 83 адам байкоодон чыгарылган. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелине карата байкоодо 1 миң 643 адам турат. Алардын ичинен 651 адамдан коронавирус аныкталган", - дейт ал.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында үй шартында карантин мөөнөтүн өткөрүп жаткандарды көзөмөлгө алуу максатында 10-15 мобилдик бригада иштеп жатат.

2021-жылдын 1-январынан тарта мобилдик бригадалар 1 миң 400 жолу чыгуу жасашкан. 10 миң 591 адамдан ПЧР анализи алынды, 7-апрель күнү 196 ПЧР анализи алынды.

Ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарына ыкчам кеп-кеңеш берүү боюнча “118” номери тынымсыз иштеп жатат. Ага жылдын башынан бери 9 миң 676 кайрылуу түшкөн, 7-апрель күнү 207 чалуу болгон.

Исмаилова өз сөзүндө шаар тургундарын бет кап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана адамдар көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий