• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда ири жол кырсыгы катталып, эки киши каза болуп, дагы 27 адам жаракат алды -- фото

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынжа үч автобус жана жеңил автоунаалар кагышып, эки адам каза болду, дагы 27 адам жаракат алды. Бул тууралуу inform.kz кабарлады.

Медиктердин маалыматына ылайык, жаракат алгандардын ичинен төртөөнүн абалы оор.

Кырсык Кабанбай баатыр проспекти менен Улы Дала көчөсүнүн кесилишинде болгон. Үч жүргүнчү ташыган автобус жана жеңил машиналар кагышкан.

Автобустун айдоочусу менен бир жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду, – деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдүн маалына таянсак, көчөнүн кесилишинде токтоп турган автобусту катуу ылдамдыкта келе жаткан башка автобус сүзгөн, ал алдында турган автобусту жана жеңил унааларды сүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий