• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 5 жаран каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 5 жаран каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабынан билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 525ге жетти. 16-марттан бери өлкөгө өзгөчө абал режими киргизилген. Нур-Султан жана Алматы шаарларында 19-марттан тарта карантин орногон. Кийинчирээк карантин башка шаарларга жана аймактарга киргизилген.

"Коронавирусту жуктуруп алган жаңы 25 учур катталды. Ошондой эле Акмола облусунда илдетти жуктуруп алган бир жаран каза болду", - деп айтылат штабдын акыркы маалыматында.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп сыпаттаган. Дүйнөдө COVID-19 вирусун 1 млн адамдан ашыгы жуктуруп алды.

Пикир

Оставить комментарий