• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган ири канал жабылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздукбоюнча мамлекеттик комитети Казакстандан КРнын Чүй облусунун аймагына күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз алып кирген ири каналына тыюу салынды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коррупциялык негиздеги кылмыштарга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында, КРнын аймагына салык төлөмдөрүнөн качуу максатында Чүй облусунун аймагындагы мунай базасына Казакстандан тараптан күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз алып кирген туруктуу схема аныкталып кармалды.

Такталгандай, КРнын жараны казакстандык компания менен жең учунан сүйлөшүп алып темир жол аркылуу «туруктуу газ конденсаты» жана «уайтспирит» чийки зат компоненти түрүндө кирген күйүүчү жана майлоочу материалдардын контрабандалык каналы аныкталды.

"Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы мунай базасынын күйүүчү жана майлоочу материалдарды дүңүнөн сатуу менен алектенген 7 резервуарлар катарында сакталган, 4 миң 262 тонна салык төлөмдөрүнөн качкан мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 28-декабрь күнү “Кайыңды” станциясынан “Кайыңды-темир жол” контролдук-өткөрүү пункту аркылуу күйүүчү жана майлоочу материалдарды контрабандалык түрдө киргизүүгө аракеттенип, “уайтспирт” түрүндө көрсөтүлүп салык төлөмдөрүнөн качкан 120 тонналык 4 цистерна-вагон кармалды.

Азыркы убакта жогорудагы төлөнбөгөн салык төлөмдөр түрүндө зыяндарды эсептөө тергөө иштеринин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий