• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандыктар аттарды көк бөрүгө кыргыздардай болуп таптай албайт - Бекболат Тлеухан

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.09.18 /Кабар/. Казакстандыктар кыргыздар сыяктуу көк бөрү оюнуна аттарды машыктыра алышпайт, муну моюнга алуу керек. Бул тууралуу Астанада өткөн маалымат жыйынында Казакстандын улуттук спорт түрлөрү боюнча федерациясынын президенти Бекболат Тлеухан билдирди.

Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып жатып Бекболат Тлеухан бул дүйнө чемпионаты эмес, фестиваль экенин айтты. Анын айтымында, 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча улуу курамы катышып, Кыргызстанга утулуп калган. 2018-жылы жаштардын курама командасын жиберели деп чечишкен.

Тлеухан көк бөрүнүн уюштуруучулары конокторго аттарды берүүгө милдеттүү экенин кошумчалашты.

“Ким Франциядан же Америкадан аттарды алып келет? Негизи ким чакырып жатса, ошол тарап аттарды даярдайт. Экинчиден, биз баары бир Кыргызстандагыдай кылып аттарды даярдай албайбыз. Менин сөздөрүмө кээ бир адамдар таарынышы мүмкүн. Бирок таарынбагыла, силер аттарды кыргыздар даярдагандай кылып даярдай албайсыңар”, - деп билдирген ал.

Эске салсак, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өткөн. Кыргызстандыктар көк бөрү боюнча оюндардын финалында Өзбекстанды жеңип, чемпион аталган.

Казакстандын курама командасы турнирдин коло медалын уткан. Казакстандык оюнчулар жарым финалда Өзбекстандын курама командасынан утулгандан кийин күйөрмандар сынга алып, Казакстандын улуттук спорт түрлөрү боюнча федерациясынын президенти Бекболат Тлеухандын жумуштан кетүүсүн талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий