• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын көз карандысыз агенттиги КРдагы университеттердин рейтингин аныктайт

Билим 0

Бишкек, 1.02.18 /Кабар/. Казакстандын Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги Кыргызстандын алдыңкы жана атаандаштыкка жөңдөмдүү университеттеринин рейтингин аныкташат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Рейтингди түзүүдө таланттуу студенттер, окутуучулар тууралуу маалыматтар топтолуп, академиялык мобилдүүлүк жана мугалимдердин илимий эмгектеринин сапаты, атаандаштыкка туруштук берүүсү эске алынат.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бакалавриат же магистратуранын кайсы программасы атаандаштыкка туруштук берүүгө жөндөмдүү жана сапаты жогору экендиги тууралуу маалымат берилет.

Рейтингге катышуу үчүн университет расмийкат жөнөтүп, каттоодон өтүп, жогорудагы көрсөткүчтөр боюнча маалымат базасын толтуруусу керек.

Пикир

Оставить комментарий