• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын президенти Токаевдин майда Кыргызстанга келери күтүлүүдө

Саясат 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алмата шаарында уюштурулган маарекелик отурумдардын алкагында өттү. Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов боордош эки элдин бардык багыттагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

“Быйыл бир катар эки тараптуу жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделген. Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин май айында Кыргызстанга расмий иш сапар менен келери күтүлүүдө. Бул иш сапар эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтебиз”, - деди ал.

Муну менен бирге ал Маулен Ашимбаевди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий