• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанга картошка, алма, курма ташууга тыюуну алып таштоо жөнүндө макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Агрардык өнөр жай комплексинде Мамлекеттик инспекция комитети 2019-жылдын 22-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасына азыктык жана үрөндүк картошка, алма, курма ташууга тыюу салууну алып салды.

Эскерте кетсек, убактылуу карантиндик фитосанитардык чаралар 2019-жылдын 19-февралында казак тарап аркылуу киргизилген.

Бул чечим 2019-жылдын 28-февралында Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Женис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кол коюлган Протоколдун жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл маселелери боюнча Жол картасынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы Казакстан Республикасына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий