• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу пайда болот. Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 08.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында токтом кылынат:

  1. Башкортостан Республикасынын, Марий Эл Республикасынын, Мордовия Республикасынын, Татарстан Республикасынын, Удмурт Республикасынын, Чуваш Республикасынын жана Ульяновск облусунун аймактарын камтыган консулдук округу менен Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу уюштурулсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыздоо маселелерин чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Пикир

Оставить комментарий