• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кечээ Ошто эки ирет жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кечээ, 19-июнда саат 18:39да Ош облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында эки баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 18:44тө Ошто кайрадан очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер силкинүү Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий