• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кендерди иликтөөчү «Борбордук лаборатория» ишканасынын жабдуулары жаӊыртылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Жогорку Кеӊеш кен-байлыктарды изилдөө ишин жакшыртууга багытталган КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кендерди иликтөө чөйрөсүндө потенциалды күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев кен-байлыктарды изилдөө ишин жакшыртуу максатында, «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын 49 пайыз үлүшүн алып, аны заманбап жабдуулар менен жабдуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жакында аталган ишкананын 49 пайыз үлүшүн сатыкка чыгарат, ал эми калган бөлүгү мамлекеттин карамагында кала берет. Ишкананын жабдууларын жаӊыртуу үчүн бюджеттен 62 млн 800 миӊ сом көлөмүндө каражат талап кылынат. Андан сырткары, Өкмөт ишканага жаӊы имарат куруп берүүгө да ниеттенип жатканы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар токтомду колдоо менен, мындай чаралар келечекте мамлекет үчүн көп пайда алып келе турганын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий