• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик сатып алуулардын бардыгы ачык-айрым жүргүзүлөбү?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде көп учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алууга туура келет. Аларды аткарууда мыйзам ченемдердин сакталышы талап кылынат. Ошентсе дагы кайсыл бир убактарда чукул аткарыла турган иштерде тендерлерге катышып, анын жыйынтыгын күтүүгө туура келет. Анын айынан убакыттан уттурган жагдайлар да жок эмес. Анда эмне кылса болот? Бул суроолор бүгүн, 20-апрелде "Парламент" радиосунун түз эфиринде талкууланып, уктурууга ЖК депутаттары Улукбек Ормонов менен Мирлан Бакиров чакырылды.

“Көп учурда тендер интернет порталга жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Бирок, айыл жерлеринде ар кандай ыкчам чечүүгө туура келген суроолор жаралышы мүмкүн. Бул учурда, мыйзамды толук аткаруу кыйын. Андыктан, Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 20-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда колдоп берген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун негизги максаты – айыл-өкмөтүнүн ишин жеңилдетүү болуп саналат”,- дейт демилгечилердин бири, депутат Улукбек Ормонов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Депутат сөзүн улай, бир жылдын ичинде тендерсиз бир миллионго чейин суммадагы сатып алууларды жергиликтүү шартта жүргүзүүгө болоорун айтты. Бирок, иш-чара бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө сатылып алынган каражаттын наркын жана кимден алгандыгын порталга жайгашышы зарыл – деди ал.

Программанын жүрүшүндө, угармандар тарабынан ушул эле тендер өткөрбөстөн бир миллион сомго чейин сатып алуулардын жүргүзүлүшү жана көзөмөлдөнүшү тууралуу суроолор берилди. Ага жооп берген депутат У.Ормонов,- дароо бир миллиондун баарын колдонуу мүмкүн эместигин айтып, аны бир жыл ичиндеги керектөөлөргө пайдаланса болорун белгилеп, кварталына бөлө келгенде 250 миң сомдук сумманы түзөөрүн билдирди. "Тендерсиз болсо да, сөзсүз түрдө порталга жайгаштырылат жана аны тийиштүү органдар көзөмөлдөйт” – деп жооп берди.

Ошол эле уктурууга катышкан депутат Мирлан Бакиров жогорудагы айтылгандарга кошулуп, Өкмөт дагы мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорлорун сунуштаганын айтты. “Айыл жергелеринин интернет менен толук камсыздалбаганы иштин чечилишине кедерги болуп жатат. Ошондуктан, оперативдүү түрдө маселени чечүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишинде чукул кабыл алган чечимдерге жараша мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө туура келет. Бул үчүн тиешелүү мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж” – деп кошумчалады.

Ошондой эле, депутат М.Бакиров тендер өткөрө албай убара тарткан айрым айылдарды атады. Мисалы, депутат өзү күбө болгон кээ бир айылдарда көбөйүп кеткен жолбун иттерди аттырууга да мүмкүнчүлүк жок болуп жаткандыгын атады. Буга барып-келип эле тендер маселеси тоскоолдук кылып жаткандыгы ачык,- дейт эл өкүлү.

Мыйзамда каралгандай, кагаздан тартып калем сапка чейинки бардык керектүү предметтердин тизмеси порталга алдын –ала жайгаштырылууга тийиш. Ал эми айрым учурларда тилекке каршы, күтүлбөгөн чукул кырдаалдарда (мисалы суу каптоолордо, жер, кар көчкүлөрүндө) каражат жумшоо маселеси өзүнчө көйгөй жаратат. Анткени, андагы керектүү нерселерди алдын ала порталга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү болбой калат. Мындай убакта мыйзам бузулду деген түшүнбөстүктөрдүн пайда болору анык,- деди парламентарий.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий